Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районундагы айылдардын биринде жашы 80ге карап калган эне өз баласынан запкы жеп, "Ак жүрөк" кризистик борборуна жеткирилгендиги маалымдалган.
Учурда факты боюнча иш козголуп, тергөө амалдары улантылып жатканын Ош ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, апасын урган делген жаран 48 жашта. Ал мас болуп калып ушул ишке барганын айткан. Факт боюнча Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинин негизинде (үй-бүлөлүк зомбулук) иш козголгон. Ушул жылдын башында күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык, мындай учурда айыпталуучуга 40 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып салынат же 6 айдан 1 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.
"Эми кандай чара көрүлөт сот чечет. Учурда тергөө амалдары улантылууда. Эне ушул баласынын колунда болгон. Ал көчөдө ыйлап жүргөн жеринен милиция кызматкерлери кризистик борборго алып келишкен", - деди маалымат катчы.
"Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси эне бул баласынан көргөн биринчи запкы эмес экенин айтканын билдирген.