Футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султанов Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине койгон талапкерлигин азыркы жетекчилик кайтарып алганын билдирди. Бул тууралуу Султанов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Футбол федерациясынын экс-президенти азыркы жетекчиликтин мындай кадамын күтүүсүз жерден билип калган.
"Урматтуу достор! Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкерлигимди Футбол федерациясы кайра кайтарып алганын күтүүсүз жерден билип калдым. Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти катары кыргыз футболун эл аралык аренада өнүктүрүү максатын койгом. Ал максат федерация менен ийгиликтүү ишке ашырылып биздин улуттук курама командабыз мыкты оюн көрсөтүп, Азия Кубогунун квалификациялык баскычынан өтүп спорт тарыхында калды. Менин келечектеги пландарым - биздин футболубузду кийинки тепкичке көтөрүү болчу. Тилекке каршы, кыргыз футболун мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү колдон чыгып кеткенине өтө өкүнүчтөмүн. Мени ушул убакытка чейин колдоп келгендерге терең ыраазычылыгымды билдиргим келет", - деп жазды Султанов.
Семетей Султановдун мындай пикири боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Футбол федерациясына кайрылганыбызда, басма сөз катчы Наталия Угрюмова жетекчилик чет жерде жүргөнүнө байланыштуу жооп кийинчерээк берилерин айтты.
"Азыркы учурда жетекчилик Азия футбол конфедерациясынын конгрессине катышуу үчүн чет өлкөгө кеткен. 1-2 күндүн ичинде жетекчилик кайтып келери менен кенен жооп ала аласыздар", - деди басма сөз кызматкери.
Семетей Султанов Футбол федерациясынын президенттигинен ушул жылдын 7-январында өз каалоосу менен кеткен. Анын ордуна 9-февралда Канатбек Маматов шайланган.
Султанов Кыргыз Республикасынын футбол федерациясын жетектеп келгенден бери футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 206 кураманын арасынан 196-орундан (июль, 2012-жыл) 91-орунга чейин (декабрь, 2018-жыл) көтөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 2018-жылдын март айындагы жыйынтыгы менен тарыхый рейтинг жаратып, 40 орунга чейин көтөрүлүп, 75-сапка турган.
Кошумчалап кетчү маалымат, Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Динаранын күйөөсү.