Баткендин Сай айылын жаандан кийин белгисиз курт каптап кетти дейт жашоочулар

Баткен районуна караштуу Сай айыл аймагында жаандан кийин белгисиз майда кара курттар чыгып каптап жатат. Мындай маалыматты Эмилбек Эшматали уулу аттуу жергиликтүү тургун SUPER.KG'ге кабарлады. Анын айтымында курттар жаан менен кошо жааганы же жаандан кийин пайда болгону белгисиз. Учурда курттар көбөйүп жатат дейт ал.

"4-апрелде Сай айылына жаан жааган. Ошондон кийин эле биз мурда көрбөгөн белгисиз кара курттар чыгып, айылды каптап кетти. Алар сууда эле эмес, кургакта да жүрө беришет экен. Көлчүктүн баары капкара, бак-шак, чөп-чардын баарын аралап кеткен. Айрымдардын үйлөрүнө чейин кирип жатат. Улуу кишилерден сурасак, буга чейин мындайды көргөн эмеспиз дешет. Айдоо-себүү учурунда капыстан каптаган белгисиз курттан кооптонуп жатабыз. Атайын адистер келип курттун кайдан пайда болгонун аныктап, дары-дармек чачып беришсе жакшы болот эле. Азыр эми өрүк гүлдөп, эккен-тиккен жер-жемиштерибиз өнүп калды", - дейт Эшматали уулу.

Тургун кошумчалагандай, кадимки дуст жана башка зыянкечтерден арылуучу дарыларды сээп жаткандары менен бул курттар өлбөй жатат. Ага атайын адистер чара көрбөсө болбойт дейт ал.

Баткендин Сай айылын жаандан кийин белгисиз кара курт каптап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
elchi84
2019-04-08 18:08:35
Тез арада чара коруш керек эмне экен бул?
+6
Ysakov_Nur
2019-04-08 19:49:38
Ушул курттар ак уйдун устуно жааса жакшы болмок...
+9
Djumahmatov
2019-04-08 20:35:53
Америкалыктардын чачып кеткен вирустарыда
+2
ekaterinburg
2019-04-09 01:04:46
Тообо кылдым...Жараткандан го бул дагы.
0
engel
2019-04-09 09:16:33
Ужаас! Срочно жок кылыш керек буларды!
+1
Zulya2
2019-04-09 09:48:23
Кудай сактаа эмне деген шумдуук
0
Dembele84
2019-04-09 10:11:44
Текшергени кетти деген адистер дагы деле жете элекпи?
+2
Defans2017
2019-04-09 12:52:38
Тажиктердин агенттери алар
0
Komrad
2019-04-09 17:51:43
Супер инфо видеонор ушерде ачылса жакшы болмок,супер деген жазуу азыраак боек менен корунсо, анан башындагы музыканар жок эле ачыла берсе
0
admin_portal
2019-04-09 18:11:46
Komrad, сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан