Нариман Түлеев 11 жылга эркинен ажыратылды

Коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан депутат, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев  11 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 29-июлда Бишкектин Ленин райондук соту чыгарып, өкүмдү судья Аман Сариев окуп берди. Экс-мэрдин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөй болду. Ошондой эле Түлеев 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды. Эске салсак, Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталууда. Ал 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан