Сооронбай Жээнбековдун алгачкы жеңиши: Кыргыз өлкөсү Сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча 15 тепкичке алдыга жылды

Эл аралык “Чек арасыз репортёрлор” укук коргоочу уюму Сөз эркиндигинин индексин (2019 World Press Freedom Index) жарыялады. Аталган уюм бул көрсөткүчтү 2002-жылдан бери жыл сайын түзүп келет.

Соңку рейтингде Кыргыз өлкөсүнүн Сөз эркиндигинин абалы 15 позицияга жакшырган. Тагыраагы 180 мамлекет бар тизмеден 83-катарды ээлеген. Ага чейин 98-орунда болчу. Отчётту түзгөндөрдүн айтымында, Кыргыз өлкөсүндө абал жакшырууда, бирок мындан да жакшыртса болот.

ЕАЭСтеги Кыргыз мамлекетинин союздаштары болгон Армения 61, Орусия 149, Беларусь 153, Казакстан 158-позициядан орун алган. Ал эми коңшу жайгашкан өлкөлөрдү алсак, Өзбекстан 160, Тажикстан 161, Кытай 177-катарды ээлеген. Рейтингде алдыңкы үчилтикти Норвегия, Финляндия жана Швеция алса, төмөн жактагы үчилтикте Эритрея, Түндүк Корея менен Түркмөнстан жайгашкан.

Кыргыз өлкөсүнүн эгемен тарыхын карай турган болсок, ар бир бийлик жаңы келген учурда алгачкы айлар же жылдарда Сөз эркиндигинин абалы жакшырып калышы - бул кадыресе көрүнүш. Ошондой эле, андай кырдаал канчага дейре сакталары белгисиз. Алмазбек Атамбаевдин президенттик башкаруусунун акыркы жылында ага чейинки жылдарга салыштырмалуу сөз эркиндигине карата басым күчөгөн. Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда басым азайганы менен Атамбаевге караштуу оппозициялык "Апрель" телеканалы учурда соттук териштирүүлөрдү башынан өткөрүп жаткан кези.

Ошондой эле, оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине 2019-жылдын февраль айында Финпол тарабынан басым болуп, бирок сот аталган кызматтын аракеттерин мыйзамсыз деп тапты.


Сооронбай Жээнбековдун бир жарым жылдык башкаруусундагы Сөз эркиндигинин көрсөткүчүнүн 15 тепкичке алдыга жылышын - анын алгачкы жеңиши десе болот. Анткени башка тармактар боюнча эл аралык уюмдар чыгарган рейтингдер көңүл жылытарлык эмес: коррупция боюнча жылыш жок, чет жерден келген инвестициялар кыскарууда, мигранттар которгон акча каражатына болгон өлкөнүн көз карандылыгы өсүүдө.

Эске салсак, президенттин маалыматтык саясатын Толгонай Стамалиева жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан