"Сүрөттөр сүйлөйт". Айтылуу Матраимовдордун тоюна депутаттар менен чиновниктердин жоон тобу барды (тизме)

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов
менен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Улан Примов.


Бүгүн, 1-майда интернетте жана социалдык тармактарда айтылуу Матраимовдордун тоюна бийлик өкүлдөрүнүн катышканы кызуу талкууланып жатат.


Иш-чарада тартылган сүрөттөрдөн парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков, вице-спикер Мирлан Бакиров, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов, фракция лидерлери Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Алмазбек Баатырбеков, депутаттар Нурбек Алимбеков, Жанар Акаев, Азамат Арапбаев, Тазабек Икрамов, Канатбек Исаев, Бакытбек Жетигенов, Руслан Казакбаев, Аалы Карашев, Канат Керезбеков, Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Талайбек Масабиров, Жылдыз Мусабекова, Абдывахап Нурбаев, Улан Примов, Бактыбек Райымкулов, Бактыбек Сыдыков, Таабалды Тиллаев, Алмазбек Токторов, Тынчтыкбек Шайназаров, Закир Шарапов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана башка жогорку кызматтагылардын жоон тобун көрүүгө болот.

Коноктордун катарында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев, ушул жылдын башында Опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалган Керим Турапов да орун алган.

Ошондой эле иш-чарага Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев, Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов катышкан.

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун айрым басылмаларга берген комментарийине ылайык, бүгүн аталган райондо анын атасы Исмаил Матраимовдун элесине арналган иш-чара өтүп жатат.

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов.
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
-ali
2019-05-01 20:16:12
Мен билгенден Атахан Мадумаровдон башкасынын позициясы жок адамдар екен 120
-1
Tursunbaev1978
2019-05-01 23:25:52
-ali,Адахан
0
Farm94
2019-05-01 20:49:31
Тойго чакырса барат да эмнеси бар экен
+3
al-abu-kinesz
2019-05-01 23:23:00
Кыргыз журтугун тарыхында кооноргус из калтырган аты алтын тамга менен жазылуу айтылуу журт атасы Исмаил Матраимовдун мааракесине дээрлик жалпы саясий элита кечикпестен уюшкандык менен барышыптыр, азаматтар! Ашка 6 секунд, тойго 9 секундда жетишет да кен, чек ара маселесине чейрек кылымда бирин серин араан барып келишет. Башкаларды айтпай эле коелу
Шыкмаматов менен Акаев да кешиктеш болуп журушобу???
+4
asefsa
2019-05-01 23:26:35
Сессияга да мынча депутат катышпайт. Спец.рейс менен келишти да булар бекер, мамл.банкрот кылгандар,тойбостор башка соз жок.
+3
Edward.14
2019-05-02 00:13:21
Чынында Кыргызстандагы эн таза саясатчы Адахан Мадумаров экен!
Калганы бут озун ойлогондор экен.Элдин кызыкчылыгы бир тыйын буларга.
-1
Kgda
2019-05-02 01:13:57
Таза депутаттар келбептир Торобай Зулпукаров Асылбек Жээнбеков ж.б
-5
Tursunbaev1978
2019-05-02 02:56:47
Kgda,ким айтты алар сага таза депутат деп,биздин чиновниктердин тазасы жок дээрлик
+2
ALGAMOC
2019-05-02 01:15:47
Тан гору... Бугун Кыргызстанда Матраимовтордун куну болуптур да ээ.
+5
nur_zhoni
2019-05-02 01:25:57
Барбаса барбады дейсинер барса барды дейсинер кандай адамсынар озу
0
Attila88
2019-05-02 03:10:25
Булар баары бир казандан тамак жейт.трибунада урушканына ишенбегиле бири бири менен.баары актер актрисалар.сценарий боюнча иштейт.албетте баары эмес.арасында айла жок чыкырганын баргандар да болот.бирок аз эле.мисалы Ж.Акаев.
0
NURSAPAR
2019-05-02 11:27:11
Таң гөрү... Менин сүрөтүм жокко. Мен дале баргам, чайын ичип, этин жеп, концертин көрүп келдим. Коммент жазгандар көбү барбаган окшойт. Жакшы той болду эл ыраазы болуп кетти. Аксакалдарды аябай жакшы сыйлады.
+1
allia
2019-05-02 11:27:56
Эмне үчүн Айбек Алтынбеков (Чомоев) тизмеде жок, сүрөттө бар
0
Davlet1994
2019-05-02 11:56:33
Матраимовтор кучтуу кишилер экен мен мен дегендерди тизип койуптур
+1
Erik2018
2019-05-02 12:31:23
Ката кетирген адам катасын оңдоп алаар. Ал эми каратып туруп калп сүйлөп, жанын жеп жалгалган айткан адамдан эч жакшылык болбойт. Азыркы атка минеерлер акча менен бийликтин кулу. Жагымдуу сүйлөп,жаны күйүмүш болуп көрүнүп коюп өз кызыкчылыгын кылып жүрө берет. Мындайларлан абайлаш керек. Бир күнү сатып кетеери анык.
+1
Mars575
2019-05-02 14:15:43
Жанар Акаев барып алыр неге актанасын, таза болуп озунчо корунбочу.Кайран кара курсак канча жерге секиртет
0
erkinali858585
2019-05-02 21:37:23
Жанар Акаев деле Матраимовторду сыйлайт экен. Сыйлабаса бармак эместа корупционерлердин тоюна.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан