Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси
Женгиз Камил Фырат.
Түркиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгы уюштурган ооз ачуу иш-чарасында Кыргыз өлкөсүндөгү Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фыраттын нааразычылыгы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий баракчасы кабарлады.
Басма сөз катчынын пикиринде, элчи жаралган жагдайга жараша туура реакция жасаган.
"8-майда Кыргыз өлкөсүнүн Муфтияты тарабынан уюштурулган ооз ачуу иш-чарасына ФЕТӨ уюмунун мүчөлөрү чакырылганын туура эмес деп эсептейбиз. Иш-чарада конок болгон Түрк элчиси жагдайды түшүнгөн соң туура жооп кайтарган.
Чет өлкөлөрдө жашап жаткан ФЕТӨ уюмунун мүчөлөрүнө каршы күрөшүү өлкөбүздүн негизги максаттарынын бири болуп саналат. Буга байланыштуу бизге боордош өлкөлөрдүн расмий органдарынын гана эмес, бардык уюмдарынын тилектештигин күтөбүз", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Түрк элчисинин жоругу боюнча эч кандай комментарий берилбей тургандыгын билдирди.
Буга чейин Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын мусулмандар дин башкармалыгына "мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар" деп нааразы болуп жаткан видеосу тараган.