Депутат шайлоодогу үгүт иштеринде концертке тыюу салуу сунушун түшүндүрдү

Депутат Бакыт Төрөбаев шайлоодогу үгүт иштеринде концертке тыюу салуу сунушу тууралуу түшүндүрдү. Бул тууралуу ал оюн бүгүн, 16-майда маалымат жыйында билдирди.

“Шайлоо боюнча мыйзам долбоорунда үгүт иштеринде концертке тыюу салуу сунушталып жатат. Бирок жолугушууларга, митингдерге тыюу салынган жок. Парламенттик шайлоо 5 жылда бир жолу өтөт. Ошондуктан партиялар элге программаларын айтышы керек. Эл концерт үчүн эмес, программаны угуу үчүн чогулушу зарыл. Бул сунуш менен артисттердин кирешелерине тыюу салайын деген жокпуз. Бул боюнча айрымдар каршы пикирлерин жазышууда. Бирок атактуу артисттерибиз эч кандай пикирлерин билдирген жок. Сунушту артисттердин кирешелерине тыюу салып жаткандай кабыл албоо керек”, - дейт Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан