2019-жылдын 13-майында өткөн "2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун укуктук тобокелчиликтери" аталышындагы тегерек столдун резолюциясы кабыл алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Адилеттүүлүк үчүн" комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, тегерек столго жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер, саясат таануучулар жана саясатчылар катышты.
"2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоо маанилүү болот жана өлкөнүн өнүгүү векторун аныктайт. Ошондуктан өзүнө көптөгөн укуктук, саясий жана институционалдык тобокелчиликтерди камтыйт", - дешти комитеттен.
Буга байланыштуу тегерек столдун катышуучулары президенттен, Жогорку Кеңештен шайлоону ачык, таза, адилеттүү өткөрүүнү суранат жана төмөнкүлөрдү талап кылат: