Депутат: "Өлкөдө 863 миң үй-бүлө насыя алат"

Кыргыз өлкөсүндө 863 миң үй-бүлө насыя алат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.

"Мындан 20 жыл мурун биздин жарандар акчаны иштетүүнү, бизнес эмне экенин билишчү эмес. Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө 863 миң үй-бүлө насыя алат. Бирок насыя алгандардын ичинен 3-4 пайызы гана аны өз убагында төлөшөт, өлкөдө акча жетишпейт", - деди Жапаров.

Комитет жыйынында Улуттук банктын 2018-жылдагы иши жөнүндөгү отчёту угулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан