Эртең, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча чечим чыгарат. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процесси туура болдубу?" деген собол салды. Буга карата
Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев мыйзам алдында бардык жарандар макамына карабай бирдей жооп бериши керектигин айтты.
"Баары мыйзам чегинде жүрүүдө. Коомчулукта "Башкы прокуратура Атамбаев боюнча корутундуну 3 күн ичинде шашылышта чыгарды" деп айтып жатышат. Бирок мындай ишке 3 күн деле көп, бул 2-3 сааттык эле иш. Атамбаевдин кол тийбестигин алгандан кийин сурактар, түшүндүрүүлөр, документтерди текшерүүлөр башталат. Ошонун жыйынтыгында күнөөлүү кимдер экени аныкталат.
Атамбаев кош стандарттуулукту көрсөтүп жатат. Ал президент болгон кезде "баары мыйзам чегинде сотто чечилиш керек, баары мыйзам алдында тең" деп бир нече жолу айткан. Эми ал күнөөсүз болсо, муну сотто далилдесин. Азыркы соттордун дээрлик 90 пайызы Атамбаевдин жарлыгы менен дайындалган. Сотторго ишенбөө ал тараптан болбошу керек.
Эгер күнөөсү далилденбесе, экс-президент макамы кайтарылат. Күч органдары өз баасын беришет. Эгер биз адамды негизсиз жамандап алган болсок, анда биз моралдык жактан жооп беришибиз керек", - деди депутат Канатбек Исаев.