КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев: "Депутаттык комиссиянын иши аябай тездик менен жүрдү". КҮНСОБОЛ

Эртең, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча чечим чыгарат. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процесси туура болдубу?" деген собол салды. Буга карата журналист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев епутаттык комиссиянын иши аябай тездик менен жүрдү" деген пикирде.

"Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча процесстер бир нече эрежелерди бузуу менен жүрүп жатат. Баш мыйзамдын бир нече беренелери бузулганын юристтер дагы айтышууда. Мындан тышкары депутаттык комиссиянын курамына кирген эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Атамбаев учурунда камакка алынгандар, фракциядан чыгарылгандар, айтор, экс-президентке тиш кайрап өч алууну көздөгөн адамдар. Бул деген кызыкчылыктардын кагылышын көрсөтүп турат.

Депутаттык комиссиянын иши аябай тездик менен жүрүп, ал комиссиянын иши бир тараптуу болду. Экс-президент Атамбаевди же анын өкүлдөрүн жыйынга расмий түрдө чакырышкан жок. Комиссиянын отуруму мурда куугунтукталды делген, мурда камакка алынган, Атамбаевге кеги бар саясатчыларды, укук коргоочуларды, журналисттерди чакырып, алардын оюн угуу менен гана жүрүп, экинчи тарапка сөз бербегени адилетсиздикти көрсөтүп турат. Жогорку Кеңештин башка маселелерди карабастан дал ушул маселени тездик менен шаша-буша карай салганы шектенүүлөрдү дагы да күчөтөт. Депутаттык комиссия бул чечимди өздөрү эле чыгарган жок. Алар бүгүнкү бийликтин камчысын чаап, алардын айткандарын аткарып жатат. Бул идея парламенттен чыккан жок, жеке президенттин ишараты менен жасалууда деп ойлойм.

Эртеби-кечпи бул аракеттер ойрон болот. Ал эми бул чечимди кабыл алгандар учуру келгенде моралдык дагы, юридикалык да жоопкерчиликке тартылат",
- дейт Мирбек Айтикеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан