Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Жогорку Кеңеш президентке кызмат кылган көз каранды, кошоматчы мекеме бойдон калды". КҮНСОБОЛ

Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 5-сессиясы расмий жабылды. Бир жыл ичинде парламент түрдүү маанилүү чечимдерди кабыл алды. Ошондой эле депутаттар бир топ чуулуу мыйзам долбоорлорун, токтомдорду жана эл аралык келишимдерди жактырышты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин акыркы сессиясынын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Анын пикиринде, Кыргыз парламенти өмүр бою президенттин айтканын мыйзамдаштырып, ага кызмат кылып келе жатат.

"Бийлик тараптагы көптөгөн саясатчылар, эксперттер жана бийликтен кызмат алгысы келгендер Жогорку Кеңештин бүгүнкү кадамдарын, айрыкча Атамбаевди куугунтуктооcу "тарыхый" деп баалап жатышат. Мен бул баа менен макул эмесмин. Эч кандай тарыхый кадам эмес. Мен муну Кыргыз парламентинин, Кыргыз саясий элитасынын көпчүлүгүнүн, өмүр бою бийликке кызмат кылган жана мамлекеттин реалдуу абалын, келечегин ойлобогон адамдардын кадамы деп ойлойм.

Биздин парламент президенттин айтканын мыйзамдаштырып, маданиятташтырып, президентке гана кызмат кылып келе жатат. Азыркы парламенттин абалы 10 же 20 жыл мурда кандай болсо, жалпысынан ошол бойдон. Тилекке каршы, эч нерсе өзгөргөн жок. Күчтүү оппозиция жана эгемендүү парламент жарата алган жокпуз.

Парламент тарыхый маселелерди чечүүдө дүйнөдөгү демократиялык мамлекеттердегидей президентке карама-каршылык көрсөткөн, президенттик бийликке жана өкмөткө баланс жараткан негизги бийлик бутагына жана борборго айлана алган жок. Жогорку Кеңеш мурдагыдай эле көз каранды, кошоматчы жана президентке кызмат кылган мекеме бойдон калды", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан