Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 5-сессиясы расмий жабылды. Бир жыл ичинде парламент түрдүү маанилүү чечимдерди кабыл алды. Ошондой эле депутаттар бир топ чуулуу мыйзам долбоорлорун, токтомдорду жана эл аралык келишимдерди жактырышты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин акыркы сессиясынын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.
“Жогорку Кеңеш экс-президенттин кол тийбестигин алып салууну Кыргыз өлкөсүндөгү эң маанилүү маселе катары көрсөтүп койду. Себеби экс-президент макамын ажыратууда 3 күн аралыгында атайын депутаттык комиссия чечим чыгарып, Башкы прокуратура баарын 3 күндө изилдеп чыкса, жыйында 40 киши отуруп, 100 киши добуш берди болуп жатса, аябай эле “сонун” болуп калды.
Бирок ошол эле учурда Жогорку Кеңеш “КТ мобайл” же өнүгүү жааттагы башка маселелерге эч кандай көңүл бурган жок. Карапайым калкка эки президент ортосундагы тирешти маанилүү маселе кылып көрсөтүп, 120 адам парламент боло албай калганын дагы бир жолу далилдешти.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге "КТ Мобайл" боюнча "моралдык жоопкерчилик каралсын" деген чечим чыгарышты, бирок анда деле бир дагы суроо берилген эмес. Мындай айтканда, “унчукпай койсок болбой калат” деп комиссия түзүмүш болуп коюшту", - дейт Карасартова.