Саясат таануучу Марс Сариев: "Жогорку Кеңеш өз алдынча бийлик бутагы болду деп айтуу кыйын". КҮНСОБОЛ

Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 5-сессиясы расмий жабылды. Бир жыл ичинде парламент түрдүү маанилүү чечимдерди кабыл алды. Ошондой эле депутаттар бир топ чуулуу мыйзам долбоорлорун, токтомдорду жана эл аралык келишимдерди жактырышты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин акыркы сессиясынын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна Саясат таануучу Марс Сариев жооп берди.

Анын пикиринде, Жогорку Кеңештин иши канааттандырарлык эмес.

"Парламенттин Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратканы - тарыхка кирген окуя, бирок Жогорку Кеңеш өз алдынча бийлик бутагы болду деп айтуу кыйын. Парламент анча деле жакшы иштеген жок. Премьер-министр же башкы прокурор боюнча маселелерди чечип жатканда парламент өзүнчө бийлик бутагы болбой эле Ак Үй менен бир багытта жүрдү. Бул туура эмес болду деп ойлойм. Азыркы чечкен маселелери туура болсо деле, өз алдынча кабыл алынган жок. Жогорку Кеңештин иши канааттандырарлык эмес", - деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан