Жалал-Абад облусундагы Cузак районунун Каңды айылында 11 жаштагы баланы өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Маркумдун өлүмүнө анын 14 жаштагы эжеси шектелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон үйгө кароо жүргүзүлүп, даараткананын ичинен өспүрүмдөр кийген футболка, чолок шым жана кийимдерге канга окшогон суюктук шыбалганы аныкталган. Ошондой эле ашкана бычагы табылып, аталган нерселер далил буюм катары алынган. Окуя болгон учурда баланын ата-энеси өз үйүндө жок болушкандыгын билдиришкен.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам өлтүрүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тергөөнүн жыйынтыгында каза болгон баланын бир тууган эжеси К.А. мамлекеттик органдын кызматкеринин, педагогдун, психологдун жана жактоочунун катышуусунда суракка алынган. Анда ал буларды айтып берген.
"8-июль күнү уктап тургандан кийин (ата-энеси ишке кеткен) иним экөөбүз дарбыз талашып урушуп кеттик. Ошондо ал бычак менен өзүн өлтүрөм деп коркуткан. Түштөн кийин иним сууга түшүп келейин деп уруксат сурап кеткен. Ошол бойдон болжол менен саат 16:00 чамасында үйгө келди. Биз бири-бирибизди скотчтоп ойночубуз. Ал үйгө келгенде экөөбүз мурун ойногондой эле мен инимди үйдүн чоң бөлмөсүндө кызыл түстөгү үстөлгө отургузуп скотч менен колу, бутун байладым. Ошол учурда иним менин намысыма тийген сөздөрдү сүйлөдү. Жиним менен текчеде турган атамдын мал сойгондо колдонгон бычагын алып инимди бычактап салдым. Эмне кылып жатканымды билген жокмун. Бирок кантип, канча жолу бычактап салганым эсимде жок. Себеби өзүмдү билбей калдым. Эч ким билбей калсын деп бычакты, булганган футболка менен кийимдеримди үйдөгү дааратканага ыргытып жибердим. Анан кошуна Айнура деген эжеге барып инимдин өлүп жатканын айттым, бирок ага мен кылганымды айткан жокмун", - деп билдирген ал.
Жашы жете элек К.А.нын жасаган кылмышынын күнөөсү ыкчам тергөө тобунун кароосунан жана шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин далилденет. Сурактан кийин К.А. “Балдарды коргоо” боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине тил каттын негизинде өткөрүп берилди.
Учурда соттук-медициналык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле басма сөз кызматкери жазылган катка дагы экспертиза дайындалганын билдирди.