11-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Москвада жолугушкан. Ал эми кечээ, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарына барып, Путин менен жолукту. Президент жана экс-президенттин бул кадамдары коомчулукта талкуу жаратууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу өлкө толук эгемендүүлүккө ээ эмес деген көрсөткүчпү?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков белгилегендей, Кыргыз мамлекети эгемендүүлүккө ээ. "Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу эгемендүүлүккө таасир этпейт. Өлкөдөгү абал тууралуу айтып беришкени эгемендүүлүккө ээ эмес дегенди түшүндүрбөйт. Кыргыз Республикасы көз карандысыз мамлекет", - дейт Ишенбай Кадырбеков.