Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев: "Атамбаевдин Орусиянын президенти менен сүйлөшүүсү эгемендүүлүккө шек келтирбейт". КҮНСОБОЛ

11-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Москвада жолугушкан. Ал эми кечээ, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарына барып, Путин менен жолукту. Президент жана экс-президенттин бул кадамдары коомчулукта талкуу жаратууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу өлкө толук эгемендүүлүккө ээ эмес деген көрсөткүчпү?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев бул маселе коомчулукта кызуу талкууланып жатканын айтты. "Элдин пикирлерин, көз караштарын социалдык тармактардан окуп жатам. "Атамбаевди башка мамлекеттин президенти Канттагы авиабаза аркылуу алып чыгып кетти, Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө доо кетти" деген сөздөр айтылууда. Анын Орусиянын президенти менен сүйлөшүүсү эгемендүүлүккө шек келтирбейт. Мындай нерсе дүйнөлүк практикада бар. Жакшы сөздөр айтылды. Аксакалдар, саясий элиталар биригели деп айталбай жатат. Көпчүлүк кимде бийлик болсо ошонун сөзүн сүйлөшүүдө", - дейт Келдибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан