11-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Москвада жолугушкан. Ал эми кечээ, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарына барып, Путин менен жолукту. Президент жана экс-президенттин бул кадамдары коомчулукта талкуу жаратууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу өлкө толук эгемендүүлүккө ээ эмес деген көрсөткүчпү?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Кремлдин таасири дайыма эле күчтүү болуп келгенин айтты.
"Бул көрүнүш мурун деле орун алган. Кремлдин таасири дайым эле күчтүү болуп келген. Анткени биз саясий-экономикалык жагдайлар боюнча Орусиянын жардамына муктаж болуп келгенбиз. Тилекке каршы, кичинекей мамлекеттердин тагдыры ушундай. Акыркы окуялар бул жагдайдын болгонун ачыкка чыгарды", - деди депутат.