11-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Москвада жолугушкан. Ал эми кечээ, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарына барып, Путин менен жолукту. Президент жана экс-президенттин бул кадамдары коомчулукта талкуу жаратууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу өлкө толук эгемендүүлүккө ээ эмес деген көрсөткүчпү?" деген собол салды.
Укук коргоочу Рита Карасартова бул маселени өлкө ичинде чечсе жакшы болмок деген ойдо.
"Бул орчундуу маселе, бирок ал парламент аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамынын аркасы менен чечилсе жакшы болмок. Тилекке каршы, азыркы бийлик экс-ажону кармоо боюнча чечимдерди бат чыгарып, кол тийбестиктен ажыратуу боюнча 1-2 жуманын ичинде карап, мыйзамдан аша чапты. Ошол эле мезгилде экинчи тарап "курал колдоном, элди көтөрөм" дегенде коңшу мамлекеттердин кийлигишүүсү болду. Себеби Орусияга мындай нерсенин кереги жок. Путин да эртең экс-президент болот, анан ал жакта да "эмнеге бизде болбойт?" деген пикир чыгышы мүмкүн.
Ал эми бизде буга чейин качырып, кетирип салып көнүшкөн. Мында мыйзам чегинде карап, ар бир кылмышты документ менен далилдеп, процесстерди ачык көрсөтсө, орчундуу кылып туруп анан кармаса жакшы прецендент болмок. Тилекке каршы, бийликтин адамдары шашылып кетти, экс-ажо да "колуңдан эч нерсе келбейт" дегендей кылып койду. Медиатор катары бул маселени чечүү үчүн 3-адам чыкты. Анда да суракка чакырылып жаткан адамды, өзгөчө иштөө режими бар база аркылуу чыгарып кеткени 2 жумалап парламент чечип жаткан маселени "башка өлкөнүн президенти чечип коёбу, эгемендүүлүгүбүз барбы?" деген нерсеге түрттү.
2 айдан бери көрүп жаткан актуалдуу сериалыбыз башка өлкөнүн президентинин кийлигишүүсү менен аяктады. Бул ал жактын аброюнан кабар берет. Буга чейин деле "президент болом" деген адамдардын баары Орусияга барып келчү. Учурда Кыргыз өлкөсүн Орусиянын бир бөлүгү катары да кабыл алууга болчудай болуп калды. Биз эгемендүүлүк үчүн күрөшүп кан төккөн эмеспиз, анын баркын билбейбиз. Кыргыз өлкөсүнүн башына эгемендүүлүк "лап" этип эле түшүп калган, ошондон улам анын баасын билген жокпуз", - дейт Карасартова.