Депутат Мирлан Жээнчороев: "Сырттан бирөөнү чакырып, аны арбитр кылуу туура эмес". КҮНСОБОЛ

11-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Москвада жолугушкан. Ал эми кечээ, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарына барып, Путин менен жолукту. Президент жана экс-президенттин бул кадамдары коомчулукта талкуу жаратууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу өлкө толук эгемендүүлүккө ээ эмес деген көрсөткүчпү?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бул маселени чечүүдө үчүнчү тараптын кийлигишүүсү жакшы эмес деген ойдо.

"Биринчиден, мындай кадамдар Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнө жана саясий элитага шек санатат. Ошол себептен мындай көрүнүш туура эмес. Саясий абал кандай гана болбосун баарын ич ара чечишибиз керек. Сырттан бирөөнү чакырып, аны арбитр кылуу туура эмес. Эски элита өзүнүн илгерки ыкмасына салып Кыргыз өлкөсүн чоң мамлекеттин генерал-губернаторлугуна айлантпашы керек. Өзүбүздүн Конституция, мыйзамдарыбыз болгон соң Кыргыз өлкөсүндө бийлигибизди эл шайлаган соң эл берген мандатка, мыйзамга ылайык чечилиши кажет.

Бир гана жарандык согуш болгондо эки тарап сүйлөшө албай жатса, үчүнчү тарап кийлигише алат. Кыргыз өлкөсү андан алыс болуп, элибиздин жана бизде жаңы келе жаткан элитанын маданияты ага жетиштүү болушу керек. Бардык маселелер сүйлөшүү жолу менен жана эң негизгиси өлкөнүн ичинде чечилүүгө тийиш.

Башка жакка кайрылуу тарыхта, саясий практикада, эл аралык катнаштарда да болбошу керек. Өлкө мамлекеттүүлүгүн көрсөтө албай, сүйлөшүүлөрдө жарандык келишпестик болсо, жарандык согушка айланып бара жатса, үчүнчү тарап кийлигишет. Мындай кадамдар Кыргыз мамлекетин жана мамлекеттик институттарына, эгемендүүлүгүнө, эл аралык аброюна да шек келтирет", - дейт эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан