11-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Москвада жолугушкан. Ал эми кечээ, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарына барып, Путин менен жолукту. Президент жана экс-президенттин бул кадамдары коомчулукта талкуу жаратууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу өлкө толук эгемендүүлүккө ээ эмес деген көрсөткүчпү?" деген собол салды.
Саясат таануучу Марс Сариев бийликке күчтүү жана жаш саясатчылар келмейинче абал өзгөрбөйт деген пикирде.
"Саясий элита учурда бойго жетүү мезгилинен өтүп жатат. Бири-бири менен тирешип, учурда Атамбаев менен Жээнбеков алышууда. Мурун деле саясатта "сен жигит, сен жигит эмессиң" деген сөздөр болчу. Бул нерсенин баары саясий элита өсө электигинен, чийкилигинен кабар берет.
Буга чейин Орусия бышкан элита катары "кандай болот?" деп күтүп жаткан. Себеби убагында Аскар Акаев кийин Курманбек Бакиев деле кайрылып, учурда Орусияда жашынып жүрөт. Индияда "карма" деген түшүнүк бар, биздин өлкөнүн "кармасы" ушундай, чуркап барып Орусияны арбитр болуп бер деп сурана беребиз.
Менин оюмча, Жээнбеков буга чейин көп өлкөгө барып колдоо издеди, себеби экс-президентти Кремль көбүрөөк колдоорун билет. Буга Атамбаевдин убагында Орусиянын көптөгөн талаптарын аткарганы себеп. Ошондуктан Жээнбеков өткөндө Швейцарияга барганда да кандайдыр бир колдоо күткөн. Анан келе жатып Орусияга кайрылып, азыркы абал боюнча айткан. Ал Путинден "Атамбаевди кичине тынчыт. Ал саясий, экономика жагынан иштетпей жатат" деди. Анан Путин чоң салмактуу башчы катары "Сүйлөшөм. Ал оппозиция катары калсын, көп тийишпегиле" деди. Бул сүйлөшүүлөрдүн баары сценарий менен болду. Путин жолугушуудан кийин чыгып, сүйлөшүү тууралуу ачык айтты. Ушундан кийин баары тынчып калды. Аныкы туура, себеби ал оппозицияны колдой турган болсо, өлкөнүн ички саясатына кийлигишкендей болуп калмак. Бул жагдай менен айрым күчтөр колдонуп кетмек.
Бул чоң саясат, ошол себептен ушундай компромисске келген соң келишимге ылайык, Атамбаев мурункудай асылып, беттен албай калат. Мындан сырткары ал 2020-жылы өтө турчу шайлоого кызуу даярдыкты баштайт. Ал болгон күчүн парламентте көбүрөөк кресло ээлегенге жумшайт.
Ал эми учурда башты оорута турган Баткен көйгөйү бар, Жээнбеков ошол көйгөй менен алек болот, ал эми Атамбаев өз иши менен алектенет. Менимче, бийликке күчтүү, жаш саясатчылар келмейинче ушундай оюнчук боло беребиз", - дейт Сариев.