Декларация: ЖКнын депутаты Карганбек Самаковдун 3 батири, 1 үйү бар экен
ЖКнын депутаты Карганбек Самаков 2012-жылы 734 260
сом киреше тааптыр. Бул тууралуу эл өкүлү тапшырган декларациясында белгилеген.
Ошондой эле Самаковдун 100, 100, 80 чарчы метрди ээлеген 3 батири, 100 чарчы
метрди ээлеген 1 үйү жана 70 чарчы метрди ээлеген бир имараты бар экен. Ошондой
эле депутат Лексус 570 үлгүсүндөгү унаага ээ экендиги декларацияда жазылган, ал
эми анын туугандарынын кирешеси жана мүлктөрү тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн
эмес.