Жалдагы үрөй учурган мушташка шектелип кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков СИЗО-1де сабалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык эки шектүү учурда №47 абакка которулду.
"Эки шектүү камеранын ичинен сабалган. Алардын эч жери сынган эмес. Бирок экөөнүн тең колу катуу ооруксунуп калган. Бүгүн аларды ооруканага алып барганда, экөөнүн колдоруна тең гипс салынган. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматынан.
Бир тууган шектүүлөр камерада ар кандай кылмыштар боюнча шектелген адамдар менен отурушат.