Интернетке болжол менен 1 жашка жете элек баланы көтөрүп алып, жолдо кайыр сурап жүргөн эркек кишинин сүрөтү тарап, талкууга алынган. Бул сүрөт боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан териштирүү иштери башталган.
Милиция кызматкерлери бул кишини таап, анын аты-жөнүн аныкташты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 26-сентябрь күнү Октябрь райондук милиция кызматкерлери аталган кишини таап, анын 1968-жылкы У.А. аттуу жаран экендигин жана анын баласы 2018-жылы туулган А.М. экендигин аныкташкан. Кишинин айтымында, ал жубайы менен жашы жете элек төрт баланы тарбиялап келишет.
"Милиция кызматкерлери жана Октябрь райондук администрациясынын социалдык өнүктүрүү башкармасынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери балдардын кандай шартта жашап жаткандыгы менен таанышуу үчүн алардын жашаган үйүнө жөнөштү", - деп айтылат маалыматта.