Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун жыйындардын биринде Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарын туура эмес айтып алган видеосу интернет булактарына тарады.
Анда спикер 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргызстан менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун окуган. Долбооорду окуп жатып ал "Франкфурт жана Маяня шаарында... Маяня шаарында" деп эки ирет Франкфурт-на-Майне шаарын туура эмес окуп алган.
Күндүн видеосуна айланган спикердин сөзү социалдык тармакта катуу талкууга түштү.
Эске салсак, буга чейин Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда Дастанбек Жумабеков орусча текстти кыйналып окуганы үчүн коомчулуктун сынына калган.