Өкмөт: "1-январдан тарта оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланган жактарга айып пул салынбайт"

Өкмөт жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унааларды пайдалануунун социалдык маанисин эске алуу менен Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешовдун көрсөтүлгөн тыюу салуунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин жылдыруу жөнүндө демилгесин колдойт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Айрым унаа ээлеринин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын позициясы эске алынып, парламент тарабынан мыйзам долбоорунун тагдыры чечилгенге чейин 2020-жылдын 1-январынан тартып, унаалардын бул категориясын айдоочуларга айып салбоо чечими кабыл алынды.

2020-жылдын 1-январынан баштап жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди пайдаланууга айып пул салынбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
oscar
2019-12-30 22:23:48
Эл толкумак да
+2
isarti
2019-12-30 22:57:54
2025-жылга чейин ким бар ким жок, Кожо Насредддиндин ага чейин же эшек олот, же хан озу олот дегениндей эле болуптур.
+2
Jaznura
2019-12-31 10:58:22
Дагы бир элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп чыгарылган мыйзам долбоору.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан