АКШда болуп жаткан массалык нааразычылыктан улам өлкөнүн 16 штатындагы кеминде 25 шаарга коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясына чыккандар менен полициянын ортосунда кагылышуу орун алды. Нааразычылыкка чыккандар полиция бекеттерин жана автоунааларды өрттөп жиберишкен. Аларды таркатуу үчүн полиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ жана резина окторду колдонушкан. Бул нааразычылык акциясынан бир аптанын ичинде 4 адам каза болуп, кеминде 13 полиция кызматкери жаракат алды. Ошондой эле 1 миң 300дөн ашык киши кармалган.
АКШдагы нааразычылык акциясы 25-майда Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарындагы полиция тарабынан кармалган 46 жаштагы теги африкалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталды. Флойдду кармаган полиция кызматкери Дерек Човин кыйноо жолу менен аны өлтүрүп койгон. 29-майда полиция кызматкери адам өлтүргөн деген айып менен камакка алынган.