Нурбек Осмонов. Капиталы, Матраимовго байланыштуу айтылган кептер жана "Мекеним Кыргызстан" жөнүндө

"Каганат" холдингинин негиздөөчүсү Нурбек Осмонов Кыргыз өлкөсүндөгү бир нече ийгиликтүү ири ишканаларды негиздеген ишкерлердин бири. Ал Оштогу машина заводун ачууга 20 миллион доллар каражатын жумшап, анда алгачкы жергиликтүү электр автобустары чыгарылат.

Нурбек Осмонов редакциянын бир нече суроолоруна жооп берип, өзүнүн айланасында болуп жаткан кептерди тактоого макул болду.

- Сиздин кирешеӊиз тууралуу ар кандай кептер айтылууда. Киреше булагыӊыз боюнча өзүӊүздүн оозуӊуздан уксак?..

- Мен биринчи акчамды 2002-жылы базар экономикасына өткөндө таптым. Көпчүлүк сыяктуу эле мен акча табуунун жолдорун издедим. Иштин көптөгөн түрлөрүн өздөштүрүп, дыйканчылык менен да алектендим. Бизнестеги жүгүртүү өсүп, олуттуу киреше алып келди. Ошондон кийин олуттуураак иш жасоону чечип, тобокелге салып, бардык топтогон акчамды бизнеске жумшадым. Мен негиздеген «Ихлас» компаниясы социалдык турак жайдын курулушун баштады. Баалар менен сапаттын жеткиликтүү болгондугунан биздин батирлер суроо-талапка ээ болуп, рынокто өз ордубузду таптык.

- Көптөгөн ири ишкерлер кирешелерин өлкөдөн чыгарып кетишет. Эмнеге бул жолду тандаган жоксуз?

- Мен индустриалист катары мындан ары өнүгүп, Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө салым кошушум керек болду. Ошентип, «Каганат» холдинги негизделип, ага буга чейинки бир нече ири ишканалар кирди. Бирок биздин сыймыгыбыз «Унаа Курулуш» автомобиль жыйноо заводу. Биздин максатыбыз - ата мекендик электр автобустарынын массалык өндүрүшүн түзүү жана ишке киргизүү. Прототип аяктоо баскычында турат.

Дагы бир келечектүү долбоор - Ош облусунда ири текстиль фабрикасынын ачылышы. «Каганат» холдинги Кыргыз өлкөсүнүн экономикасынын бардык тармактарында жумушчу орундарын түзүүгө умтулат. Мен биздин өлкө сырттан жардам күтпөстөн, ички ресурстардын эсебинен өнүгүшүнө ишенем.

- Райымбек Матраимов менен мамилеңиз жөнүндө ар кандай имиштер бар. Чындык жана калпты ажыратып берсеӊиз?

- Албетте, мен Райымбек Матраимов менен таанышмын, биз бир эле райондон болобуз, жакшы таанышпыз. Кыргыз өлкөсү чакан мамлекет, ошондуктан көпчүлүк бизнесмендердин, саясатчылардын жана жөн гана ишкерлердин жолдору кесилишет. Райымбек Матраимов же башка бирөө менен биргелешкен бизнес-долбоорлорду жүргүзбөйм. Алардын өз жолу, менин өз жолум бар.

Саясий жана ишкер чөйрөсүндө мен тыгыз байланышта болгон көптөгөн адамдар бар. Алар Аскар Салымбеков, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев. Эми менин ишимди алар менен дагы байланыштырабы?Мени Жантөрө Сатыбалдиевдин адамы, кийин мени Икрамжан Илмияновдун бизнес өнөктөшү деп да чыгышкан. Бул ойлоп табуулар мени көптөн бери коштоп жүрөт. Эртең дагы ким менен байланыштырат деп күтүп жатам (күлүп)...

- Эмнеге эл алдына чыгуудан качасыз?

- Негизинен, мен эч кимден качкан эмесмин. Кыязы, басма сөз өкүлдөрүн кайсы бир учурга чейин кызыктырбай келсем керек. Мен өзүмдү ачыкка чыгарууга умтулбайм.

- Сиздин "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен байланышыӊыз бар экенин билебиз. Сиздин саясий ниеттериңиз жана пландарыңыз барбы?

- Чынын айтканда, бардык иштерге жана долбоорлорго убакыт жетишсиз. Партияны менин иним Айбек Осмонов негиздеген. Анын пландары үчүн жооп бере албайм. Азырынча саясатта өзүмдү көрө элекмин, өндүрүш чөйрөсү мага жакыныраак, ал жаатта көп нерсени түшүнөм жана жакшы билем. Мен ак сарайдагы интригаларды кантип токуп, саясий тепкичтерди жасаганды билбейм. Чынын айтканда, мен такыр тааныш эмес чөйрөдө болгум келбейт.

- Эгер сунуштар түшсөчү? Учурда мамлекетке компетенттүү менеджерлер жетишпей жатканын көрүп турасыз да...

- Чынын айтсам, мага сунуштар түшкөн. Бир нече жолу баш тартууга туура келди. Бул маселени карап чыгуунун маанисин көрбөй турам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан