МАИчини тоготпой качкан Лексустун айдоочусу 1000 сом айып пул төлөп кутулду

Бишкекте МАИчилерди тоготпой качып, жол эрежелерин бузган Лексустун айдоочусу Назгүл Чодроновага 1000 сом айып салынды. Муну менен ал административдик жоопкерчиликтен кутулганын бүгүн, 10-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Мырзабек Токтосунов билдирди. Чодроновага карата жол эрежелерин бузуу боюнча административдик протокол түзүлгөн жана аталган өлчөмдөгү айып пулду төлөтүү чечими чыгыптыр. Эске салсак, 6-сентябрда жол эрежесин бузган Лексус унаасынын айдоочусун жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр ишине чейин кууп барышса, ал унаадан түшүп кайра "Мелис байкеге чалам" деп МАИчилерди коркутканы тартылган видео жарыяланган эле. Жол-кайгуул кызматынын инспектору унаасынын номурун чечип алса, Чодронова кимдир бирөөгө телефон чалып, көп өтпөй инспекторго командири телефон чалып, ал чечилген номурду кайтарып берүүгө аргасыз болгону айтылган. Айымга карата эч кандай чара көрбөй, номурду кайра берип койгон милициянын прапорщиги А.Макеевге "Кызматына толук эмес ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү" берилип, Макеевге телефон чалып номурду берип коюуну буйрук кылган Жол-кайгуул кызматынын улук инспектору, милициянын майору Т.Оторов кызматтан бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (55)
samatrit
2013-09-10 21:49:56
Орустар "если ты овца то красота не только мир и тебя не спасет "деген ушул да, уйалбагандан озун уял дейт уяты жокко море по колено деп коет да , ушундай колуктуга туш болгондон сактан кыргызымдын жигиттери отурасын анан Мелис байкеге жооп бертп "не положенный жерден токтокуп койду деп"
0
enn07
2013-09-10 22:16:18
ээх, туугандар как будто мындайды корбогондой тан каласынар да? Конумуш эле адат(уже салтка айланып баратат) болуп калды го мындай акылсыздык иштер. Бишкекте мындайдан кунуно ондогон иштер болот.
+1
kojojaw
2013-09-10 22:32:42
myndailardy kattu jazalaw kerekda.pravasyn alyp ozyn 6 aiga kamaw kerek
0
omurbek9393
2013-09-10 22:41:13
Белгилуу эле нерсе болчу чынында биздин МАИчилердин колуна 1000 сом карматып жыргаганча ал МАИчини тебелеп тепсеп ойносон болот ха.ха.
0
chikabom
2013-09-10 23:29:56
Белгисиз
+2
Келгиле туугандар, жок дегенде 6 айга айдоо укугунан ажыратуусун талап кылабыз, мыйзам деген баарыбызга бирдей болуш керек да! Болбосо президентке чейин арызданабыз! Качанга чейин карапайым калкка башка мыйзам, чондор учун башка мыйзам иштейт!
0
chikabom
2013-09-10 23:30:42
betman сен туура айтасын мен 100%кошулам!!!
0
Shah
2013-09-10 23:37:33
Демек 1000 сом берип бироону сузуп кеткенче журо бериш керекпи мен чечимге нааразымын
0
Shah
2013-09-10 23:39:57
келгиле туугандар башкаларга да тарбия болсун 14-сентябрь куну ошол кызга карата жазаны озгортууну суранабыз тийешелуу жерлерге биз жараандык коом озубуз учун аракет кылышыбыз керек
0
Shah
2013-09-10 23:41:45
Ошол Мелис байкесин алып келсин бизге Гаиден эмес жараандык коомдон сурансын койберишти!!!! Акыры биз дагы ошол кан жолдордо журобуз
0
Juliakalt
2013-09-11 00:03:29
Ушунчалык капаландым! Эмнеге бизде закон жок! Карапайым адамдарга законду бекем кармашат! Крышасы барларга закон жок!
0
Dooron
2013-09-11 06:11:20
Уяааааааааааааат уят эл… Коп толотуп койгон турбайбы? Эми кантет ал кыз бечара.
0
kesha.pikasso
2013-09-11 19:53:02
Dooron, Ошол кыз соройго 50 тыйындан болсо да чогултуп бербейлиби кандай дейсинер. ха-ха-ха.
0
Gulzhan
2013-09-11 09:20:26
Мындай корунуштор коп кайталнат,анткени айдоочулардын баары ойлошот коп болсо ",баягы кызга"окшоп административдик жаза 1000 сом толойм да деп.Чондор уят эле,жок дегенде айдоочулук укугунан ажыратпайсынарбы.Жол кырсыгы акыркы мезгилде аябай коп каталууда,ушуга окшогондордун кесепетинен.
0
admin_superstan
2013-09-11 09:28:42
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөр түзөтүлдү.
Баарыңарга алдын ала эскертүү!
Жогоруда жазылгандай, билдирүүлөр өчүрүлүп, автор тиешелүү жазасын алат.
0
otin
2013-09-11 09:59:50
+ 3
Мен кошулам келгиле кат жолдойбуз Министирге жазаны озгортсун аранарда юристер барбы ?
0
Asus84
2013-09-11 13:14:22
мен да кошулам келгиле жазалы кол койуп берем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан