"Мен жеке өзүм, партиябыз акын Ормуковдун башына кыйын иштер түшкөндө коргоп жүргөнбүз" дейт Текебаев

23-ноябрда акын Темирлан Ормуков "Текебаев эми депутат эмес, мен соттон уттум" деген билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Бул боюнча Өмүрбек Текебаев менен байланышканыбызда ал суроолордун жообун жардамчысы Динар Турдугуловадан алууга болорун айтты.

Турдугулова Текебаевдин маегин социалдык тармагына жарыялаганын билдирди. Анда Текебаевдин жообу: "Ормуковду мен жакшы билем. Мен жеке өзүм, партиябыз анын башына кыйын иштер түшкөндө коргоп жүргөнбүз. Партиянын, "Жалбырак ТВнын" офисинен чыкпай эле жүргөн адам эле. Ал эмне үчун арыз жазганын башында түшүнбөй жатканбыз. Балким, капа кылып койдукпу деп ойлодук. Бирок, кечээ Жапаровдун 7-каналдан түз эфирден чыгып, берген интервьюсунан кийин Ормуковдун арызы боюнча соттун чечими саясий шартталган деген тыянакка келдим. Ормуков “Текебаев акталган жок, азыр деле анын сот иши жүрүп жатат, анан ал тизменин башында эмес, аягына өтүп калган...” дегендей аргумент келтирип жазыптыр. Мен жогоруда айткандай, эки аргументи тең суу кечпейт. Эгерде, “соту жүрүп жаткан, актала элек адам эмгек укугунан ажырайт” дей турган болсок, анда Садыр Жапаров премьер министр да, президенттин милдетин аткаруучу да болмок эмес. Кош стандарттуулук Кыргыз мамлекетинде болбош керек".

Өзбекстанда кыздын кыздык белгисин текшерген аялдарга кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан