Поэтерапия: "Апакемдин тийген үчүн колдору, айылымдын жуубай жедим алмасын"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку коногу акын Мелис Маматжанов . Ал 1992-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында төрөлгөн. Ош гуманитардык педагогикалык институтун бүтүргөн.

“Апакемдин алмасы” аттуу ыр жыйнагынын автору. Жазуучулар союзунун мүчөсү. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан өткөрүлгөн “Беш акын” теледолбоорунун бешинчи айлампасынын жеңүүчүсү. Учурда Ош мамлекеттик университетинин ректорунун жардамчысы кызмат ордунда эмгектенет.

АДЫРЫМ

Азыр кечтим жыңайлак турпагын, ай,
Амансыңбы, төрөлгөн кыштагым, ай.
...Маңдайымда үйүмдүн дөңчө турат,
Боюнда бар аялдын курсагындай.

Тыңшап уктайт чөбү да жамгыр ырын,
Төлгөөсүндөй таштары тагдырымдын.
Кыйма-чийме жолдо түшүп турат,
Бырыш болуп бетине адырымдын.

Күч кубаты жуурулуп демге бүткөн,
Калдай болуп сезилет жерге бүткөн.
Койлор оттойт алыстан караганда,
Кайноолудай күбүлүп жерге түшкөн.

Мезгил, шамал токтобойт жарышам, ээ
Балалыкка бара албай алышам, ээ.
Кусаланып жүргөнчө бөтөн жерде,
Кучагында адырдын карысам, не?..

Ырларыма түшүрүп саймаларын,
Тирүү кезде көркүнө байланамын.
Сендигимди далилдеп көз жумганда,
Сенин да бир дөңчөңө айланамын...

“Адырым” деген ыр бул мен китеп чыгаргандан кийин бир топ жылга тыныгуу алган учурда жазылган. Өзүм Жаңы-Арык деген айылдан болом. Кичи мекенимде үйдөн чыкканда эле бизди адыр тосуп алат. Мейли кышта, мейли жазда, мейли күздө ал өзүнүн сулуулугу, кооз сөлөкөтү менен мага дайыма ыр жазууга шык берип турат.

Кичинемде ошол адырларды мени коргогон сөлөкөт катары көрчүмүн. Себеби өтө катуу бороон сууктарда ал бизди коргоп турчу. Ошондуктан адыр аркылуу айылымдын кооздугун берейин деп көптөгөн керемет ойлор акылыма топтолуп, акыры ал бышып жетилип, ырга айланды.

АПАКЕМДИН АЛМАСЫ

"Амансыңбы, айланайын кичинем,
Алаксытып койдум бекен ишиңен.
Эмне берип жиберейин" дегенде,
Мээримиңиз керек деймин ичимен.

Күйпөлөктөп кыйшык байлап жоолугун,
Күндө эстеп жатса керек жоругум.
Дүйнөдөгү таттуулардын ичинен,
Наныңыздын даамын таппай оорудум.

Салганыңыз келди жарып булутту,
Сезимиме чачылгандай тунук суу.
Өмүрүмдү узартчудай сезилди,
Өрүк кагы, таза балы, куруту.

Сагынычтан көтөрүлүп “кан басым”,
Суусаганда жуткум келди жармасын.
Апакемдин тийген үчүн колдору,
Айылымдын жуубай жедим алмасын.

“Апакемдин алмасы” деген ырым мындан туура 5 жыл мурун жазылган. Анда мен Орусия жергесинде мигранттын, турмуштун жүгүн артынып, иштеп жүргөн кезим болчу. Ал жак канча жакшы болсо да, өз мекениңе жетпейт. Андан айылдын жытын эмес, даамын табуу да кыйын. Жемиштеринин да даамы башкача, алмасын, өрүгүн алып жедим, бирок айылымдагыдай жытты, даамды таба алган жокмун. Анан кусалыгым улам көбөйүп, көксөөм толбой баштады.

Анан апам майда-чүйдөлөр менен кошо айылымдын керемет алмасын салып жибериптир. Апамдын салган алмасын көпкө тигиле карап турдум, кадимки эле кызыл, бышкан сонун алма. Анан аны алып эле жууп жейин дедим. Саам турган соң кайра “апам алманы айылдан кыйналып салып жиберсе, аны жуусам, апамдын жыты менен кошо мээрими да жуулуп, агып кетпейби” деген ой келди. Анан "апамдын колу тийгени үчүн алманы жуубай жейм" деп, алманы жуубай жедим. Ошол окуядан кийин ушул ыр жазылды.

Негизи бир дем менен бир учурда жазылган ырлар өтө сейрек кездешет. Чынында сагыныч менен кошо кусалыкты өзүмө сиңирип жүрө берген экенмин. Ушул ыр менен ошол сагынычтарым бүт чыгып кеткендей болду. Кийин китебимди чыгарганда да апамдын урматына китептин атын “Апакемдин алмасы” деп атадым.

КОШУНА КЫЗ

Жаныбызда турса да, толтура кыз,
Жалгыз сага баарыбыз кол сунабыз.
Бүктөмүндө эсимдин турасың, ээ,
Балалыгым сүйлөткөн кошуна кыз.

Жылдар менен кошулуп көчөбүзбү?
Жылаңайлак чаңытып көчөбүздү.
“Жетишет!”-деп апабыз урушса да,
Жолдор гана бөлбөчү экөөбүздү.

Минип алып чырпыктан аргымакты,
Сунар элем гүл кылып жалбыракты.
Көктөн түшкөн чагылган коркута албай,
Караңгы түн араңдан ажыратчу.

Кайталанып сүйүүнүн өнөкөтү,
Кайрылбады жаштыктын сөлөкөтү.
Күндөй болуп жылуулук берер эле,
Түшүп турган үйүңдүн көлөкөсү.

Эх чоңоюп, эсимден эрдиң кетпей,
Ээлеп ойду унутууга эрким жетпей.
Бирибизден бирибиз узап кеттик,
Биз экөөбүз сындырган селкинчектей.

Баёо сезим кайрадан орносо экен,
Балдарыбыз биз сымал ойносо экен...
Үйлөрүбүз кошуна турса дагы,
Жүрөгүбүз “кошуна” болбосо экен.

Терезебиз кошуна турса дагы,
Тагдырыбыз “кошуна” болбосо экен...

“Кошуна кыз” деген ыр бала кездеги бир сүйүү баяны десек болот. Себеби мен сыяктуу эле бардык балдардын кошуна кыздары болгон. Мына ошолордун баары топтоштурулуп композицияга айланган. Ошол эле мезгилде ыр менен балалык сүйүүнү камтыгым келген. Себеби бала кезибизде кат жазып, ал катты кызга бере албай, катты берсек да анын жообун күтүп кол тийгис баалуу сезимдерде жашаган учурлар болгон.

Ошондуктан салыштырмалуу азыркы жаштардын сүйүүсүнө анчалык канааттана бербейм. Себеби алар сүйүүсүнө бат жетет, сезимин бат айтат жана ал сүйүүсү бат соолуйт. Биздин учурда телефон, социалдык тармак деген жок болчу. Ойлоп көрсөм биздин бардык дүйнөбүз да, байлыгыбыз да кат болуптур.

Анткени кат бизди сабаттуулукка тарбиялаган экен. Себеби кат жазган учурда катамды кыз көрбөсө экен деп, сабаттуу, туура жазууга далалаттанып, кызга жагууга тырышчубуз. Анан жалпы балалык сезимдердин топтому катары ушул ыр жазылган. Кошуна кыз жалпы топтоштурулган образ деп айтсам туура болот.


кошулду
"Эх чоңоюп, эсимден эрдиң кетпей, ээлеп ойду унутууга эрким жетпей"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Birimdik5555
2021-01-15 21:51:42
Сонун жазыптыр маанилуу дагы экен азаматсын ийгилик
+6
NURSAPAR
2021-01-16 07:35:04
Азамат өнөрүн өссүн. Сонун жазылыптыр.
+1
aika2013
2021-01-16 12:41:02
Ырчылар да ушундай маанилуу ырага обон жазса болмок, талашып тартышып эле эски ырларды!
+1
pero5184
2021-01-16 17:48:18
Азамат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан