Өткөн аптада Кара-Суу райондук сотунун судьясы Зарлык Апышевдин пара менен кармалганы жарыяланган. Бүгүн, 7-октябрда аталган судьянын жактоочусу Динара Турдумаматова, бир тууган эжеси Айнура Апышева жана пара берген аял Дилдора Сыдыкова маалымат жыйын өткөрүштү. Жактоочунун айтымында, судья Зарлык Апышев 2013-жылдын май айында Замир Турганбаев аттуу жаранды актап жибергендиги үчүн аны иштен алуу максатында атайын пара берүү планы ишке ашкан. Ал эми пара берген Дилдора Сыдыкова: "Мени мажбурлап ушул ишти жасоого көндүрүштү. ИИМдин Түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Кубан Сагындыков "мен Апышевди көрсөм аллергия болом, ушул акчаны алып кирип бересиң да, чыгып келе бересиң" деди. Мен кирип "Зарлык аке, сизге акча алып келдим" десем ал акчаны албай, сыртка чыгып "Милиция!" деп кыйкырды. Мен столдун четине акчаны коюп чыгып келе бердим, дароо укук коргоо кызматкерлери кирип, судьяны кармап кетишти. Мага "эгер Апышев акчаны албаса, чачып жибересиң" деп үйрөтүшкөн. Муну жасабасаң, балдарыңды балдар үйүнө тапшырып, өзүңдү абакка отургузам деп коркутту. Балдарым үчүн арга жок, ушул ишти жасадым",- дейт Дилдора Сыдыкова.
Эжеси Айнура Апышева: "Иниме ушуну менен 2-жолу жалаа жабылып жатат. Июнь айында Зарлыктын унаасына атайлап курал калтырып айыптамакчы болушту. Бирок куралда анын бармак издери болбогондуктан, жоопко тарта алышкан эмес",- дейт. Башкы прокуратура аталган судья соттун чечимин арыз ээси каалагандай кылып чыгарып берүү үчүн 40 000 сом талап кылганы үчүн кылмыш иши козголгонун жарыялаган эле.
Айта кетсек, учурда айыпталуучу Зарлык Апышев ден соолугунун начарлаганына байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн жандандыруучу бөлүмүндө жатат.