Тесла менен SpaceX тин башчысы, америкалык ишкер Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде дагы бир жолу алдыга чыкты. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Масктын байлыгы учурда 199,9 миллиард долларды түзөт. Буга SpaceX баалуу кагаздарынын баасы өсүшү жардам берген, натыйжада компания 850 миллион долларга жакын киреше таап, жалпы наркы болжол менен 74 миллиард долларга чейин көбөйгөн.
Ошентип, Маск миллиардерлердин тизмесинен Bloomberg‘дин баалоосу боюнча 194,2 миллиард долларлык байлыгы бар Amazon корпорациясынын башчысы Жефф Безосту ашып кетти. Быйыл жыл башында Маск эң бай адамдардын тизмесинде биринчи сапка көтөрүлүп чыккан, бирок февралдын ортосуна чейин Безос лидерлигин калыбына келтирген.
2020-жылдын январь айында Маск Bloomberg рейтингинде 35-орунду ээлеп, ноябрдын аягында 128 миллиард доллар менен экинчи сапка чыгып, Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстен алдыга озуп чыккан. Масктын байлыгынын бир жылдын ичинде тез көбөйүшүнүн негизги себеби Тесланын капиталдаштырылышынын өсүшү болгон.
Белгилей кетсек, агенттик түзгөн дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтинги АКШдагы биржалык соодалоонун жыйынтыгы боюнча күн сайын жаңыланып турат.