Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раимбек Матраимовдун жүрөгүнө операция жасоо пландалып жатканы айтылды.
Укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиргендей, учурда Раимбек Матраимов менчик клиникалардын биринде жатат.
Маалыматты тактоо үчүн УКМКнын басма сөз кызматына байланышканыбызда, эч кандай комментарий бере албастыгын айтып, баш тартышты.
Эскерте кетсек, 18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.
Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. 20-февралда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакта калтырылган.