Абакта жаткан орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын ден соолугу начарлап кетти. Бул тууралуу анын жактоочусу Ольга Михайлова жергиликтүү басылмаларга билдирди.
Жактоочунун айтымында, өткөн аптадан бери оппозиционердин бели катуу ооруп жатат. Ага ушул учурда ооруну басуучу "Ибупрофен" препаратынан эки гана таблетка беришкен.
"Алексей Навальныйдын командасынын мүчөлөрү саясатчынын абалын коомчулуктан жашыруу үчүн жактоочуларын киргизбей жатышат деп божомолдошууда", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан.