Германия AstraZeneca вакцинасын 60 жаштан жогору адамдарга гана колдонот

31-марттан тарта коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы Германияда 60 жаштан өткөн адамдарга гана колдонула баштайт. Бул тууралуу Германиянын саламаттыкты сактоо министри Йенс Шпан жана анын федералдык штаттардагы кесиптештеринин катышуусунда өткөн конференциянын чечимине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, шейшемби күнү эртең менен Роберт Кох институтунун Вакцина боюнча туруктуу комиссиясы (СТИКО) AstraZeneca вакцинасын колдонуу боюнча сунуштарын өзгөрттү. Эми ал 60 жаштан өткөн адамдарды эмдөөгө арналганын айтышкан.

"Федерациянын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечимине ылайык, коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы шаршемби күндөн баштап 60 жаштан жогору адамдарга гана колдонула баштайт", - деп жазылган документте.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан