Өлкө боюнча Бишкек шаары эпидемиологиялык абал курч болгондуктан жана илдетти жуктуруп алгандардын саны көп катталып жаткандыктан кызыл зонага кирди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг берип жатып билдирди.
"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны көп болуп жатат. Мунун негизги себептери бет кап тагынуу режиминин сакталбаганы, массалык эл көп топтолгон иш-чаралардын көп өтүп жаткандыгы, ал жерде аралыктын сакталбагандыгы менен байланыштырсак болот. Ал эми Чүй облусу эпидемиологиялык картада сары зонага кирди. Калган аймактар жашыл зонада турат", - деди министрдин орун басары.
Сутка ичинде Бишкек шаарында - 77, Чүй облусунда - 43 адамдан илдет аныкталды. Каза болгон эки бейтап дагы дал ушул эки аймакта катталды.