Бүгүн, 6-майда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларда жабыркаган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.