Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк форум башталат

Бишкекте мамлекеттик резиденцияда 22-октябрда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ак илбирсти сактап калуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум башталат. Иш-чарага Ооганстан, Пакистан, Кытай, Бутан, Монголия, Индия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Непал мамлекеттеринин өлкө башчылары жана өкмөт өкүлдөрү, ошондой эле Эл аралык экологиялык кыймылдардын мүчөлөрү  чакырылган. Буга чейин белгиленгендей, ак илбирс Эл аралык кызыл китепке киргизилип, жапайы жаратылышта корууга муктаж жаныбарлардын катарына кирет. Форумдун максаты дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, жоголуп бараткан жаныбарды коргоо жаатындагы көйгөйлөрдү талкуулоо.

Аталган жаныбарды сактап калуу боюнча глобалдык программа 2020-жылга чейин каралган. Мындан сырткары Бишкек декларациясына кол коюу да пландалууда. Форум 23-октябрда аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан