Кытай мамлекети коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө кайтарымсыз негизде 150 миң доза Sinopharm вакцинасын берген. Жакын арада вакциналар жеткирилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Тараптар коронавирус илдетине каршы күрөшүүдөгү актуалдуу маселелерге токтолду.
"Кытай тарабынан акысыз берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы жакында республикага жеткирилет. Кыргыз өлкөсүнүн Кытай вакцинасын сатып алуусуна көмөк көрсөтүүңүздү суранабыз. Бул маселелердин тез арада чечилишинен үмүттөнөбүз", - деди Жылдыз Бакашова.
Кытай элчиси кыргыз тарапты жогорудагы маселелерди чечүүгө жардам көрсөтүүгө ишендирди.