"Тойго, сахнага кийүүчү кийим болуптур". Токиодогу жайкы Олимпиада үчүн кыргыз курама командасынын параддык формасы талкууда

Социалдык тармактарда Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын параддык формасы талкууга алынды.

"Чынын айтсам, анча эмес. Алыстан караганда форма кыргыздын колоритин так чагылдырбайт. Сакура гүлдөрүн жана тоостун канаттарын чаптап коюшкан. Муфтийдин формасына окшош экен".

"Бардык жакка эле чапан менен калпакты чаптай беришет, ысыкта болбой калат го".

"Тойго, сахнага кийүүчү кийим болуптур. Өзүбүздүн спорт кийимдери кайда?".

"Мага жаккан жок. Спортчу эмес, артист болуп калышыптыр" деп жазып калтырышкан социалдык тармактын колдонуучулары.

Бүгүн, 13-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов улуттук кураманын капитаны Атабек Азисбековго Кыргыз өлкөсүнүн желегин тапшырды. Салтка ылайык, аны президент Садыр Жапаров тапшырышы керек эле. Бирок Жапаров аралыктан иштеп жаткандыгына байланыштуу желек тапшыра алган эмес.

Ал эми буга чейинки Олимпиада оюндарында да кыргыз спортчулары чапан кийип келишкен.

Коңшу Казакстандын быйылкы жайкы Олимпиада оюндарында курама командасынын параддык формасы социалдык тармактарда алкоого алынган.

Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Японияда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
akinaika
2021-07-13 14:39:35
Ие айланайындар?! Эми жок дегенде ушул спорттук кийимдерди онураак тигип берсенер болот эле го?! Онбогондой акча болунду да формасына! Мен кыйын деген дизайнерлер кана ботом?
+3
Rifle_I
2021-07-13 14:40:04
Сын айтсаң, пикириңи кошо айт. Ылдыйына жүктө кандай вариант жакшы болот эле.
-7
Qwer007
2021-07-13 14:57:09
Жакшы эле, колунардан эч нерсе келбейт дагы..комментарийден башка. Тескерисинче жолго чыккан адамдарга дух берип мактап, олжолу кайтышына мотивация берсенер
-5
Nina.alex
2021-07-13 15:33:33
Казактар жакшы форма тигиптир
+5
suban78
2021-07-13 15:55:56
Бышкан ашка сынчы коп.
-4
bond02
2021-07-13 16:07:33
Эми спорттук иш чарага бараткандан кийин спортивный вариантты кобуроок тандаса болмок, сармерденге бара жаткандай сезилет экен, менин жеке оюм.
+8
Jaraisyn
2021-07-13 16:18:36
Ошол силердики пахта коюш, кызык жагдайы тажик да көрүнө калса кошулуп мактай бересиңер, казактыкы алкоого алынган десе, казактыкын мактап киресиңер. Эң жакшы кыргыз спортчуларынын формасы. Эч кандай жаман жери жок. Адамдын да адамдыгы сырткы келбетинде эмес, жан дүйнөсүндө. Негизи өлкөнүн атынан катышкан спортчуларыбызга ийгилик каалайлы, жеңиш менен кайтышсын!
-3
aerforce
2021-07-13 16:19:35
Жакшыраак спортивный кылып тиксенер боло
+5
Jaraisyn
2021-07-13 16:22:09
Калпак менен чапанга айланбай кой, кыргыздын кыргыз экендигин калпагы даңазалап турат. Лапшык өзүң жакшы форманы тандап же сунуш бербейт белең. Сенин айтканың болушу керекпи?! Сенден башка 6340000 адам бар өлкөдө.
-4
Jaraisyn
2021-07-13 16:22:55
Параддан өтүп алса болду да, андан ары спорттук кийимдерин айтпасак да кийишет.
+1
KBD1987
2021-07-13 18:39:01
Эн сонун, эч кандай айыбы жок. Биз Эми спортчуларага ийгилик каалап, дуба кылып туралы.
-4
TIMON_BERKOWITZ
2021-07-14 01:20:05
Өзүбүздү жемелеп, өзгөнү жетелеген заман болду.
-1
Бектурган
2021-07-14 01:55:28
Казактардын кийимдеринин дизайынына окшогон эле кийимдерди тиксе болмок жүдөтпөй ысыкта...
+1
Nursul
2021-07-14 21:37:54
Кимге кандай билбейм, Мага жакты мисалы. Казакстандын формасы эмнеси жакты билбейм мага жаккан жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан