Боом капчыгайында өспүрүм кыздын өмүрүн алган автокырсык катталды. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, кырсык бүгүн, 22-июлда катталды.
"Саат 16:20 чамасында Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунда Тойота Приус унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, бетон тосмону сүзүп, чимирилип кеткен. Унааны М.А. аттуу 1973-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан. Ал 1977-жылы туулган жубайы, 2007, 2012, 2014, 2017-жылы туулган кыздары менен бара жаткан.
Кырсыктын кесепетинен үй-бүлөнүн 14 жаштагы кызы алган жаракатынан улам каза болду. Ал эми калган 5 адам Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилди", - деди башкармалыктын маалымат катчысы.