Республика боюнча коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен 605 миң 603 адам эмделди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ноокат, Кара-Суу, Жумгал сыяктуу райондордо эмдөө кызуу жүрүп, республикада алдыңкы орунду ээлейт.
“Биздин стратегиялык милдетибиз - Кыргыз мамлекети "жашыл аймакка" кайтып келиши үчүн жамааттык иммунитетти калыптандырууга жетилген калктын жок дегенде 70 пайызын эмдөө”, - деди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Учурда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумунда борбордук аппаратта, ведомстволук жана алардын аймактык бөлүмдөрүндө 3 миң 95 штаттык бирдик бар, анын ичинен 117си бош. Учурда борбордук аппаратта, ведомстволук жана структуралык бөлүмдөрдө иштеген 2 миң 978 адамдын 2 миң 311и эмдөөдөн өттү, бул 77,6 пайызды түзөт.