"Күч менен түшүрүп". Бишкекте айдоочу эне-баланы коляскасы менен маршруттук таксиге салбай койду

Бүгүн, 30-сентябрь күнү Бишкек шаарында №203 маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен маршруткага салбай, күч колдонуп чыгарып салды. Бул туурасында окуяга күбө болгон жаран билдирип, видеосу менен бөлүштү.

Видеодо көрүнүп тургандай, айдоочу кичинекей кызы менен колунда коляскасы бар келинди маршруттук таксиге түшүрбөй, түртүп жатканын көрүүгө болот. Күбөнүн айтымында, коляска үчүн да акча төлөйм десе болбой келинди ыйлаган кызы менен кошо түртүп чыгарып салган.

Окуяга күбө болгон жаран айдоочунун жазаланышын суранды.

Айдоочу коляскасы менен эне-баланы маршруткага салбай койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ulaAjidar
2021-09-30 11:17:35
Адам эмес экен,акча учун олуп калды азыр маршрут мингендер
+7
Antiradikal3
2021-09-30 12:01:57
Мындай айдоочулар жазаланышы керек!!! Жумуштан гана бошотуп тим болбостон, 200 саат кочо шыпыртыш керек, акылы башына келип калат ошондо.....

Коляска места ээлейт десе керек, коляска коп болсо 1 адамдын местасын ээлейт, бир адамдын акчасын ашыкча алса болмок. Азыр баарынын эле такси менен журууго шарты туура келе бербейт, биринде акча коп, биринде акча жок, акчасы оп-чоп......
+6
umarbey
2021-09-30 13:30:19
Karap videogo tartip turbay jardam bersener bolo. Aydoochunu soz-suz turdo joopko tartish kerek.
+3
Uli6886
2021-09-30 15:22:30
Лицензиясын алып жокко чыгарыш кк. Башка айдоочуларга жете тургандай чара колдонуу зарыл!
+3
elmira.
2021-10-01 00:21:33
Тусу муздаган эшек го айдоочу акча деп олуп калыптыр акмак.жаш баланы ыйлатып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан