Сүннөт тойдон кийин эле 60 киши кайрылган. Сузакта массалык уулануу болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда массалык уулануу катталды. Аларда уулануунун белгилери сүннөт тойго баргандан кийин байкалган. Мындай маалымат Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тарабынан белгилүү болду.

Мекеменин маалыматына караганда, 10-октябрда сүннөт той өткөн.

"Той ээлеринин айтымында, кечеге миңдей адам катышкан. Тойдон кийин Бек-Абад айылынын 60 тургуну аймактык ооруканага барышкан. Алардын ичинен бешөө алдын ала коюлган уулануу диагнозу менен ооруканага жаткырылса, калгандары амбулартордук дарыланууга жиберилди. 12-октябрдан бери дагы канча киши кайрылганы боюнча маалымат такталууда.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатат", - дешти департаменттин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан