Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы катуу сабалган адвокат Икрамидин Айткуловдун iPhone үлгүсүндөгү телефону, 10 миң доллары жана 7 миң сому жоголгонун билдирди. Бул ишти ички иштер министри Абдулда Суранчиев жеке көзөмөлүнө алыптыр. "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, И.Айткуловду 13-ноябрь күнү кечинде өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Учурда жабырлануучу ооруканада, анын буту, тиштери сынганы айтылды.