Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков укук коргоо органдары тарабынан кармалып, учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин СИЗОсунда. Муну “Ата Журт” партиясынын штабынан билдиришти. Маалыматка таянсак, депутат суракка алынууда.
Эскерте кетсек, бир нече мүнөт мурда аталган депутатка куралдуу кол салуу болгондугу боюнча маалымат социалдык түйүндөргө чыккан эле.