Ош облусунун борбордук аянтында 22-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өттү.
Чогулгандардын саны 400гө жетип, митингге Ош жана Баткен облусунун тургундары катышты. Митингчилерди колдоп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев, экс-депутат ("Ак жол" партиясынан), коомдук ишмер Улугбек Ормонов келди. Митингге чыккандар башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан бошотуп, ага карата кылмыш ишин козгоону талап кылышты.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган.
Бишкекте 22-ноябрь күнү Октябрь райондук соту депутат Ахматбек Келдибековду 19-январга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын СИЗОсунда камоо чечимин чыгарган.