Ахматбек Келдибековдун кармалышын "коррупцияга каршы күрөш аёоcуз жүрүп жатат" деп кабыл алдыңызбы же "оппозицияга кысым көрсөтүү" деппи?

Экс-спикер, депутат Ахматбек Келдибековдун коррупция боюнча кармалышы коомдо резонанс жаратты. Муну “бали, коррупция менен күрөш аёосуз жүрүп жатат” деп колдоого алгандар, берки жээктен “Бийликтин оппозицияга карата дагы бир кысымы. Коррупция менен күрөштүн укуругу жалаң оппозиция өкүлдөрүнө илинип жатат” деп сындагандар чыкты. Башкы прокурор Аида Салянова бул иште эч кандай саясий кызыкчылык жок экенин айтууда. Башкалар кандай ойдо?   

 

Ахматбек Келдибековдун кармалышын "коррупцияга каршы күрөш аёоcуз жүрүп жатат" деп кабыл алдыңызбы же "оппозицияга кысым көрсөтүү" деппи?  

 

Асия Сасыкбаева, вице-спикер:

- Ахматбек Келдибековдун кармалышы саясий буйрук дегенге таптакыр негиз жок. Экономикалык кылмыштардын болгону факты, күнөөлүү болсо мыйзам алдында жооп бериши керек. Оппозицияга эч кандай кысым болгон жок. “Ата Журт” фракциясынын гана депутаттарына кылмыш иши козголуп жатат” деп нааразы болушууда. Эмне үчүн анда “Ата Журттун” тизмесине жалаң коррупционерлерди киргизип алышат?  

Төрага болуп турганда бюджеттин акчасын каалагандай чачкан. Эми Келдибеков “Кумтөрдүн” курмандыгы болду дегендер чыгууда. Уят. Келдибековго чейин эле бул маселе эчен жолу көтөрүлгөн. 

Данияр Тербишалиев, ЖКнын депутаты: 

- Коррупция менен күрөш жакшы нукта бара жатат, бирок системдүү түрдө жайылбай жатат. Күрөш бир тараптуу болуп жатат деген пикирлер айтылбаш үчүн баарына тегиз мамиле жасоо зарыл. Адамдын мурдагы ишине, социалдык статусуна, тааныш-билиштикке карабай күнөөсү болсо камаш керек. Ошондо гана жыйынтык болот, болбосо элдин нааразычылыгы күчөй берет.  

Баарын түрмөгө камай берүү менен коррупцияны азайта албайбыз. Келдибеков камалса, эртең дагы бир Келдибековдой бирөө келиши мүмкүн да. Же Салянова активдүү иштеп жатса, эртең анын ордуна башка прокурор келсе, иш токтоп калышы мүмкүн. Системдүү реформа жасоо учурдун талабы болуп турат. Мындайда дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып, алдыга умтулуу маанилүү.

Мирсулжан Намазалиев, активист: 

- Муну көбүрөөк саясий кызыкчылык катары кабыл алдым. Ооба, коррупция менен күрөшүү акыркы жылдары жанданды, бирок жалаң оппозиция өкүлдөрүнө кылмыш иши козголуп жатпайбы. Азыркы бийликте отургандардын ичинде коррупционерлер жок дейсизби?

Бийлик же оппозиция деп бөлбөй, күрөш тегиз жүрүшү керек. Экинчиден, Ахматбек Келдибеков өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адам. Эгер байлык топтоодо коррупциялык иштерге аралашса, анда мыйзам алдында жооп берсин. Күтө туралы, сот чечет.  

 Кубан Абдымен, эксперт:

- Келдибековдун кармалышын түз эле кабыл алуу керек. Коррупция менен күрөш активдешти. Бирок кеп депутаттын кармалышында эмес, сотто, анын күнөөсүнүн далилденишинде.  

Сотто шектелип кармалган адамдын айыбы тастыкталса жакшы. Эгер экинчи же үчүнчү инстанцияда кармалган адам акталып кете турган болсо, анда коомчулукта коррупция менен күрөшүүгө ишеним азаят. “Оппозиция өкүлдөрүнө гана кысым болуп жатат” деген туура эмес. Минте берсек анда элдин түшүнүгү башка нукка бурулуп кетиши мүмкүн. Бул иште саясий кызыкчылык бар деп айта албайм.

Сейтек Качкынбаев, активист:

- Ууру эртеби-кечпи камалышы керек. Атамбаевдин бийлиги эрки жетип экс-спикерди баш кылып кармашы коомчулукту бир чети кубантса, экинчиден, “бийлик буга чейин эшек такалап жүрдүбү?" деген суроону жаратты. Камоо - коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир гана жолу. Бийлик коррупциянын тамырынан кесе турган маанилүү реформаларды 2 жылдын ичинде баштай алган жок. Башкача айтканда, мыйзамдын үстөмдүгүн кепилдеген адилет, көз карандысыз жана легитимдүү сот системин орното албады. Коррупцияга бөгөт коё турган мыйзам Кыргызстанда иштеп жатат деп айта алабызбы? Айтуу кыйын. Батукаев маселеси боюнча эмне үчүн бийликтен эч ким жоопко тартылбай жатат? Ташиевдерди актаган сот эмнеге жумуштан алынат? Коррупцияга каршы күрөштү эмне үчүн биринчи, экинчи деп этаптарга бөлүш керек? Бийлик чындап коррупцияга каршы күрөшкүсү келсе, сот реформасын ишке ашырсын жана бийликке заманбап өлкөнүн нормасына ылайык келген мамлекеттик кызматкерлердин жаңы муунун алып келсин. 

Назарали Арипов, "Республика" фракциясынын лидери:   

- “Ахматбек Келдибеков “Кыргызгаздын” сатылышына каршы болгону үчүн кылмыш иши козголду” деген пикирге кошулбайм. Ошентсе да бул ишке азырынча аралашпай турганым оң. 

Фракция лидери катары айтар сөзүм, бардык иш мыйзам чегинде чечилиши керек. Азырынча андай же мындай деп пикир айтууга эрте.

 

 

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан